• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлигин басып алуу аракети болду. Учурда штаттык тартипте иштеп жатабыз - министр

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. 6-октябрь күнү Саламаттык сактоо министрлигин басып алуу аракети болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

"6-октябрда министрликти басып алуу аракети болду. Кимдир бирөөлөр бир партиянын атынан келип, министрликти башкарууну каалашкан. Биз аларга абалды түшүндүрдүк. Бизге коомдук байкоочу кеңеш жардам берди. Андан кийин алар кетишти. Кызматты мыйзамдуу түрдө ээлөө керек. Келип, креслого отуруп, башкаруу деген нерсе болбойт. Мыйзам ага жол бербейт. Үч күндөн бери штаттык тартипте иштеп жатабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий