• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлигинде 40 медикке кенемте төлөп берүү каралууда – Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинде 40 медикке кенемте төлөп берүү каралууда. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 40 медкызматкерге 200 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөөсү каралууда, аймактардан медиктердин тизмеси келди.

“Бирок илдетти тастыктап, кенемте төлөп берүү үчүн эпидемиологиялык тактыктоочу документ, акт жана бир нече документтер керек болчу. Ошол эпидемиологиялык корутундулар ар бир медикке даярдалышы керек. Облустарда аны таблицага салып, жиберишкен. Ошондуктан ар бир медкызматкер боюнча өзүнчө документ даярдап берүү боюнча тапшырма берилди”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бир күн ичинде 47 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бишкек шаарында 9, Чүй облусунда 15, Ош шаарында 6, Ош облусунда 10, Баткен облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3 медкызматкер илдетке кабылды. Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 428 учур катталды, алардын ичинен 624 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий