• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлигине 100 миң долларлык дары-дармектер берилди

COVID - 19 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 100 миң долларлык дары-дармектер берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дары каражаттарын Европа Биримдигинин финансылык колдоосу алдында ЮНИСЕФ сатып алган. Дарылардын арасында 1 миң таңгак ко-амоксиклав, 500 таңгак цефтриаксон жана 1 миң таңгак гепарин бар.

Дары каражаттарын тапшыруу аземине Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Тимурлан Кысанов, Европа биримдигинин Кыргызстандагы кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Шарлотт Адриэн жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник катышты.

Дарылар COVID-19га каршы күрөшүү, негизги дары каражаттарынын тартыштыгын болтурбоо максатында Тышкы иштер министрлигинин өтүнмөсүнө жооп катары алынды.

Пикир

Оставить комментарий