• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлигине коронавирустан кийин калкты реабилитациялоого өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди

COVID - 19 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине коронавирустан кийин калкты реабилитациялоого өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Калктын ден соолугу - бул мамлекеттин көңүл чордонундагы маселе жана улуттун коопсуздугу. Биз жана дүйнө коомчулугу туш болгон маселелер өзгөчө мамилени талап кылат. Ооруган жарандар тиешелүү реабилитациядан өтүшү керек. Саламаттык сактоо министрлиги ушул багыттагы иштерди жүргүзүүгө тийиш. Участкалык дарыгерлер стационарлардан дарыланып чыккан бейтаптардын абалын көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзүүсү зарыл», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы үймө-үй кыдыруу иш чарасын жетиштүү деңгээлде аткарбагандыктан жергиликтүү бийлик органдарынын ишине сын айтып, бул багыттагы жумуштарды күчөтүү тапшырмасын берди.

Жыйын жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга сезондуу мүнөзгө ээ болгон сасык тумоого каршы элди эмдөөдөн өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын сунуш кылуу милдеттендирилди. Ал эми тармакты тейлеген вице-премьер-министрлерге тиешелүү медициналык каражаттарды сатып алуу жана жаңы ооруканаларды жабдуу боюнча иштерди көзөмөлдөөнү күчөтүү, ошондой эле медициналык мекемелердин кадрдык курамын аныктоо тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий