• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлигине негизсиз госпиталдаштырууну кыскартуу боюнча иш-чараларды өткөрүү тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын төрагалыгы астында Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңештин жыйыны өттү.Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2016-жылкы ишинин жыйынтыгы тууралуу отчету угулуп, 2017-2020-жылдарга карата Фонддун Өнүгүү стратегиясы сунушталды. Булл тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат

Калиев маалымдагандай, 2016-жыл жыйынтыгы боюнча алгачкы медико-санитардык көмөк көрсөтүү деңгээлинде, тактап айтканда, көзөмөлдөө жана кароодон өткөрүүдө көбүнэсе кемчиликтер аныкталган. Ошол эле учурда аталган убакытта дарылоодогу кемчиликтер кыскарган. Облустар алкагында караганда, кемчиликтер көбүнчө Ысык-Көл жана Нарын облустарында белгиленген. Жалпысынан кемчиликтердин деңгээли 1,6% га жогорулаган.

Марат Калиев белгилегендей, стационарлар деңгээлинде да кемчиликтер жана негизсиз госпиталдаштыруу аныкталган. Негизсиз госпиталдаштыруу деңгээли Жалал-Абад жана Нарын облустарында байкалган. Оорулууларга амбулатордук дарылануу керек болгон учурда аларга стационардык дарылануу дайындалган. Натыйжада бюджеттин көп бөлүгү жоготууга учуроодо.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдиргендей, калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык тейлөөлөрдүн сапатын жогорку квалификациялуу адистерсиз камсыздоо кыйынчылыкка турат. Жарандарды сапаттуу медицина менен камсыздоодо медициналык мекемелердин жана кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу абзел.

Буга катар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын айтымында, 2017-2020-жылдарга карата Фонддун Өнүгүү стратегиясынын алкагында каражаттарды Бирдиктүү төлөөчү фондуна топтоо, бенефициарлардын укугун жана милдетин тең салмакташтыруу, бейрасмий төлөмдөрдү кыскартуу, алгачкы медико-санитардык көмөк көрсөтүү ролун күчтөндүрүү, саламаттык сактоодогу тейлөө сапатын камсыздоо жана көзөмөлдөөнү, башкаруу тутумун жакшыртуу, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун түзүмүн кайрадан түзүү жана башка милдеттерди аткаруу пландаштырылууда.

Кеңешме жыйынтыгында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Саламаттык сактоо министрлигине саламаттык сактоо мекеме жетекчилери менен 2017-жылы негизсиз госпиталдаштырууну кыскартуу боюнча иш-чараларын өткөрүү, Фонд менен биргеликте саламаттык сактоо уюмдарынын натыйжалуулугун талдоодон өткөрүүнү тапшырды. Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна дары-дармек менен камсыздоонун жеңилдетилген программасынын ишин үзгүлтүксүз мониторингдөө, саламаттык сактоонун приоритеттерине жана жарандардын саламаттык сактоо жаатындагы укуктарын камсыздоого багытталган мамлекеттик ресурстарды пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатуу жаатындагы келишимдердин аткарылышын монитрингдөө тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий