• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлигине сырттан келген гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат

COVID - 19 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Республикалык штабдан коронавируска каршы күрөшүү максатында Саламаттык сактоо министрлигине эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлөрдөн келген гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-мартынан 25-майына карата 38 миң 653 (38 653) даана жеке коргоонуучу каражаттар келди.

Белгилей кетсек, жеке коргоонуучу каражаттардын комплектинде костюм, көз айнек, бахила жана кол кап бар.

-Жасалма дем алдыруучу аппараттан – 18;
-Кислород берүүчу аппараттан – 52;
-Кол менен дем алдыруучу аппараттан – 40;
-ПЧР-тесттен – 2684;
-Экспресс-тест – 146 000;
-Тепловизор – 86;
-Термометр – 3185;
-Беткап – 743 280;
-Респиратордон - 80 992.

Мындан тышкары, ооруканалардын өзүнө коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык жабдыктар чет мамлекеттерден демөөрчүлөр жана эл аралык уюмдар тарабынан да келүүдө. Мындан улам жогоруда айтылган көрсөткүч өзгөрүп турат.

Пикир

Оставить комментарий