• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлигинин 5 кызматкери коронавирус жуктуруп алды - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 07.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин 5 кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, министрликтин бухгалтерия бөлүмүндө иштеген кызматкер туугандарынан илдетти жуктуруп алган.

"Ал жаран бухгалтерия бөлүмүндөгү 4 кызматкерге инфекцияны жуктурган. Бүгүнкү күндө бейтаптардын абалы туруктуу жана дарылоо курсунан өтүп жатышат. Калган кызматкерлерди коргоо максатында эпидемияга каршы тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү. 30дан ашык кызматкерлер обсервация шартында иштеп жатышат", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 7-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2007 учур катталды. Алардын ичинен 395и медицина кызматкери. Илдеттен 1425 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 22 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий