• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлигинин дагы бир кызматкери коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин дагы бир кызматкери коронавирустук инфекция жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу агенттикке ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал коронавирус жуктурган тууганы менен байланышта болгон. “Аталган учур, аны байланышкан адам катары текшерилгенде аныкталган. Анализ оң жыйынтык көрсөткөн. Кызматкер ооруканага жаткырылды”, - деп билдиришти ведомстводон.

Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1845 учур катталды. Илдеттен 1219 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 17 адам каза болду.

Ош шаарында сутка ичинде 2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алган. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 364 учур катталды, алардын ичинен 254 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий