• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы кармалды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлиги жана КР өкмөтүнүн кызмат адамдары COVID-19 илдетине каршы вакцина сатып алуудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин алкагында аламаттык сактоо министринин орун басары У. Бектурганов, Республикалык Эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова жана Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменттинин бөлүм башчысы С. Сатарбековдор кармалышты.

Учурда кылмышка өкмөт мүчүлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешелүүлүгү иликтенүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга шек санап кармап, ага карата 7 кылмыш иши козголгондугун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий