• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 13-июлда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде көчмө иммундаштыруу тобу министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомствого караштуу уюмдардын эмдөөдөн өтө элек кызматкерлерин COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөрдү.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, эмдөө үстүбүздөгү жылы атайын борт менен Кытайдан алынып келинген «Синофарм» вакцинасы менен жүргүзүлдү.

«Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө эмдөө COVID-19дун жайылуусу менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу болуп саналат. Ошондуктан биздин өлкөбүздүн бардык жашоочуларын, ден соолугуна байланыштуу вакцина каршы келбеген жарандарды өлкөнүн бардык аймагында ачылган эмдөө пункттарынан эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз. Эмдөөдөн өтүү үчүн паспортуңуз жаныңызда болушу керектигин унутпаңыз»,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий