Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги саат 18:30га карата Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.
Коронавирус инфекциясын жаӊы жуктуруу учурлары – 26 , баары – 42 учур.
Бейтаптар Бишкек шаарынын жугуштуу оорулар ооруканасында, Ош шаардык ооруканасында жана облустук ооруканаларда жайгаштырылган. Аларга тийиштүү медициналык жардам жана дарылануу көрсөтүлүп жатат.
Ооругандардын арасында энесинен жуккан 1 эмчектеги наристе жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Калган бейтаптардын жашы – 16 жаштан 86 жашка чейин.
Пикир
Оставить комментарий