• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги Катардан келген өкүлдөр менен жолугушту

Ден соолук 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. 15-июнда КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Катар мамлекетинин Борбор Азия мусулмандар колмитетинин төрагасы шейх Мухаммад Сухейл аль Шамарий жана “Итар” фондунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын түрдүү маселелери талкууланды.

Министр А.Бейшеналиев Кувейт мамлекети Кыргызстанга чоң колдоо көрсөтүп жатканын белгилеп, шейх Сухейл аль Шамарийдин Кыргызстанга иш сапары жемиштүү жана натыйжалуу болоруна ишенимин билдирди.

Өз кезегинде министрдин орун басары А.Солтонбекова “Итар” фонду өткөн жылы пандемия учурунда министрликтин медициналык жана социалдык стацинардык мекемелерине ири колдоо көрсөткөнүн баса белгиледи.

“Кызматташтыктын алкагында “Итар” фонду тамак-аш азыктары, каражат жагынан, ата-энесиз балдар үчүн кийим-кече, ошондой эле пандемия учурунда стационардык мекемелерге ар тараптуу колдоо көрсөттү. Муну менен катар, биздин өтүнүчүбүз менен борбордогу эки медициналык мекемеге жеке коргонуучу каражат жана кычкылтек концентраторунан жардам көрсөттү. Жакында эле биргеликте аз камсыз болгон 500 үй-бүлөгө азык-түлүк жаатында жардам берүү жана 200 ата-энеси жоктор үчүн ооз ачар уюштуруу менен эки долбоорду ишке ашырдык”,-деп кошумчалады Солтонбекова.

Ал ошондой эле мындан ары дагы саламаттык сактоо жана социалдык чөйрөдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ишеним артты.

Жыйынтыгында министр Бейшеналиев шейх Мухаммад Сухейл аль Шамарийге ыраазычылык катты жана министрликтин атынан белек тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий