• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саламаттык сактоо тармагынын чет өлкөлүк кызматкерлери КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды

Президент 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, саламаттык сактоону, калкты медициналык тейлөөнү жана Кыргыз Республикасынын медицина чөйрөсүндөгү кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө катышкандыгы үчүн саламаттык сактоо тармагынын чет өлкөлүк бир катар кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Достук» ордени менен:

Джошибаев Сейтхан — кардиохирург, Казакстан Республикасынын Тараз шаарынын «Кардиохирургия жана трансплантология илимий-клиникалык борбору» жоопкерчилиги чектелген шериктигинин директору;

«Даңк» медалы менен:

Ван Чжэнь — профессор, Кытай Эл Республикасынын Хэбэй провинциясынын Хэбэй медициналык университетинин Биринчи госпиталынын кардиотерапия кафедрасынын жана бөлүмүнүн башчысы;

Ким Алексей Иванович — кардиохирург, Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин «А. Н. Бакулев атындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы улуттук медициналык изилдөө борбору» федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин туубаса жүрөк кемтиги менен туулган ымыркайларды жана бир жаштагы балдарды реконструктивдөө хирургиясы бөлүмүнүн башчысы.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Михайлова Елена Владимировна — «Газпром» ачык акционердик коомунун 105-департаментинин начальниги;

Приймак Владимир Викторович — «Газпром» ачык акционердик коомунун Социалдык демилгелерди колдоо фондунун башкы директору.

Пикир

Оставить комментарий