• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо уюмдарын оптималдаштырууга бюджеттен каражат керектелбейт - Баймурзаев

Коом 0

Бишкек, 22.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саламаттык сактоо уюмдарын оптималдаштырууга бюджеттен каражат керектелбейт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин каржы башкармалыгынын башчысы Мухтар Баймурзаев билдирди.

Анын айтымында, оптималдаштырууда юридикалык гана иштер жүргүзүлөт.

"Анда мекемелерди каттоо иштери аткарылат. Ал эми медиктердин айлык акысы кызматына жараша төлөнөт", - дейт ал.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев оптималдаштыруунун себебин бир эле райондо аймактык оорукана, үй-бүлөлүк медицина борбору, тиш дарылоочу поликлиника жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашканы менен түшүндүрдү.

Пикир

Оставить комментарий