• 79.5
  • 81.44
  • 1.25

Саламаттык сактоону реформалоо менен катар медициналык билим берүүдө да өзгөрүүлөр болот

Аналитика 0

Кыргызстанда саламаттык сактоо реформасы активдүү талкууланууда. Акыркы убактарда клиникалар кандай трансформацияланып жатканын байкоого болот, андан тышкары процесстер өзгөрүлүп, түрдүү деңгээлдеги медицина кызматкерлеринин айлык акылары көбөйтүлдү. Бул реформа эбак бышып жетилген. Атап айтканда, ал коронавирус пандемиясы учурунда башталган, анткени илдет аталган тармактын таалылуу жерлеринин барын ачыктаган эле.

Саламаттык сактоо тармагын реформалоонун дагы бир маанилүү фактору кадрларды ротациялоо болуп саналат. Мындай көйгөйдү ошол тармакта иштегендердин өздөрү айтып чыгышты. Мисалы, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин пикиринде реформа жүргүзүү үчүн убакыт келди.

“Эгер акыркы 30 жылды карай турган болсок, өзгөрүү аймактарда гана болуп жатканын байкоого болот, ал эми борборлордо ачык айтканда өзгөрүү жок. Адам бир ордунда көпкө чейин отурса анын адамдык ресурсу түгөнөт. Кадрларды жаштарга алмаштыруу керек”, - деди ал.

Ошондой эле саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев медициналык билим берүүнүн сапатын көтөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтты.

“Эл арасында жаш медицина кызматкерлеринин ишине нааразычылыктар бар. Медициналык билим берүүнүн сапаты талаптагыдай деңгээлде эмес. ЖОЖдордун ишмердүүлүгүн кайрадан карап чыгуу зарыл. Медициналык жогорку окуу жайларга лицензияны Билим берүү министрлиги, ал эми Саламаттык сактоо министрлиги 06 формасын берет. Медициналык жардам берүүдө көп жагдай медкызматкердин деңгээлине жараша болот. Сөзсүз чара көрүлүшү керек, айрым жаңычылдыктар киргизилет”, - деди ал.

Муну менен катар реформа медициналык билим берүүгө дагы таасирин тийгизет. Бул өлкөнүн жетишерлик маанилүү тармагы, анткени республиканын медицинасынын келечеги билим берүүдөн көз каранды. Мындан тышкары, Кыргызстанга медициналык билим алуу үчүн чет өлкөдөн көптөгөн студенттер келишет.

Жакында эле медициналык билим берүү системасын реформалоо боюнча жыйын өтүп, анда каытшуучулар топтолуп калган көйгөйлөрдү жана келечекти талкуулашты. Кеңешмеге президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү жана И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана Ош мамлекеттик университетинин мүчөлөрү катышып, медициналык адистерди даярдоо боюнча аталган ЖОЖдордун ишмердүүлүгүн жакшыртууга байланыштуу маселелер каралды.

“Кеңешменин жүрүшүндө аталган окуу жайлардын ректорлору улуттук медициналык билим берүү системасынын тарыхында биринчи жолу болуп жаткан бул университеттерде клиникалык базаларды түзүү тууралуу сөз болгон презентацияларды жасашты. Муну менен, бул багытта дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбасы кабыл алынууда.

КММАнын ректору Индира Кудайбергенова өз пландары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун бүтпөй калган имаратын талапка ылайык келтирүү тууралуу маалымат берди”, - деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын маалыматында.

Ошондой эле билдирүүдө белгиленгендей, Кудайбергенова реформаларды жүргүзүп, 2017-жылдан бери чечилбей келе жаткан бул маселени чечүү эчак бышып жетилгенин айткан. Реформаларга ылайык, КММАнын Академиялык ооруканасын түзүү пландаштырылууда, анда илим, билим жана клиникалык практикага, ошондой эле финансылык ресурстарды рационалдуу пайдаланууга негизделген көп компоненттүү инновацияны киргизүү аркылуу инновациялык “медициналык хаб” болот.

Белгилей кетүүчү жагдай, университеттердин алдындагы медициналык базаларды түзүу жөнүндө Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев дагы айткан.

“Университеттердин алдын медициналык базалардын болушу зарыл. Дарылоо биргеликте жана чогуу жасалышы керек. Бул кырдаалды жакшыртуунун бирден-бир жолу”, - деген Улуттук госпиталдын башкы дарыгери.

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык дартты аныктоо улуттук борборунда жаңы инновациялык технологияларды жана медициналык жабдууларды, дарылоо-дартты аныктоо процесси жана уюдун түзүмүнө ылайык электрондук медициналык маалымдоо тутумун киргизүү, көп талап кылынган дарылоо-дартты аныктоо кызматтарын уюштуруу, имараттарды заманбап дизайнда жана санитардык ченемдерге ылайык оңдоо пландалууда.

Ректор долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Улуттук онкология жана гематология борборунун бүтпөй калган имаратына 500 млн сом, Республикалык улуттук диагностика борборуна 200-300 млн сомго жакын инвестиция тартыла турганын белгиледи.

Өз кезегинде ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “Саламаттык сактоо уюмдарын жана медициналык билим берүүнү регионалдык өнүктүрүү” долбоорунун алкагындагы алгылыктуу перспективаларга токтолду.

“Алардын негизги милдети Ош шаардык клиникалык ооруканасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана чыңдоо, анын инфраструктурасын модернизациялоо, ошондой эле ОшМУнун клиникалык базасын кеңейтүү аркылуу медицина тармагына көмөк көрсөтүү. Реформалардын алкагында клиниканын инфраструктуралык объектилерин куруу, калыбына келтирүү жана реконструкциялоо, ошондой эле анда бизнес-процесстерди долбоорлоонун заманбап системасын киргизүү пландаштырылууда. Алдыдагы үч жылда долбоорго тартылган инвестициянын көлөмү 1 миллиард 891 миллион сомду түзөт”, - деди ОшМУнун ректору.

Президент Садыр Жапаров презентациянын алкагында айтылган нерселер “кагаздагы кооз сүрөт эмес”, чындыкка дал келиши керек экенин белгиледи. Саламаттыкты сактоо, медицина тармактарын өнүктүрүүнүн негизги максаттарына жетүү үчүн болгон адамдык жана илимий потенциалды колдонуу өтө маанилүү.

“Биздин милдетибиз – өлкөнүн жарандарына кам көрүү. Ал эми биз медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана башка көптөгөн багыттар боюнча зарыл чараларды көрүшүбүз керек. Жогорку медициналык билим берүү системасы медициналык кадрларды даярдоодо сапаттуу бурулуш жасоого тийиш – бул профессордук-окутуучулук курамдын маанилүү миссиясы”, - деди ал.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы бул реформаларды ишке ашырууда КММА менен ОшМУнун жетекчиси жеке жоопкерчиликти аларын өзгөчө белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча талкууларды эске алуу менен төмөнкү документтерге - “Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” президенттин жарлыгына, ошондой эле И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Улуттук онкология жана гематология борбордун жана Республикалык диагностикалык борбордун имаратынын өтүшүн караган министрлер кабинетинин тескемесине кол коюлду.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий