• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19дун биринчи толкунунда мамлекетке 3,5 млн сом зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19дун биринчи толкуну учурунда мамлекетке 3 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Саламаттык сакто министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен дары-дармектерди сатып алууда орун алган бир топ мыйзам бузуулар аныкталды.

Тактап айтканда, коронавирус илдети менен күрөшүү иштеринин алкагында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк банкынан бөлүнгөн акча каражатына дары-дармектерди, алардын катарында Лопинавир/ритонавир препараттарын сатып алуу жагы каралган. Сатып алуу процедураларын жүргүзүүдө Бүткүл дүйнөлүк банкы тарабынан Лопинавир/ритонавир препараттары сатып алынуучу дары-дармектердин тизмесинен чыгарылган.

Ага карабастан, 2020-жылдын 13-апрелинде Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «М» фармкомпаниясы менен Калидавир препаратын (Лопинавир/ритонавир препараттардын аналогу) мамлекеттик бюджеттин эсебинен 3,5 млн сомго сатып алуу жөнүндө келишим шашылыш түрдө түздөн-түз түзүлүп, бирок сатып алынган дары-дармектер бүгүнкү күнгө чейин эч бир медициналык мекемелерге таратылбастан министрликтин кампаларында жаткандыгы аныкталды.

Ал эми коронавирус илдетине чалдыккан адамдарды дарылоо боюнча убактылуу клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясына ылайык, азыркы учурда дарылоо процессин жүргүзүүдө Лопинавир/ритонавир препараттары колдонулбайт.

Андыктан, Саламаттык сактоо министрлигинин ошол маалдагы жетекчилиги жана башка кызмат адамдары тарабынан жогорудагы Калидавир препаратын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 3,5 млн сом мыйзамсыз сарпталып, натыйжада мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилген.

Жогорудагылардын негизинде, аталган факты боюнча толук жана ар тараптуу териштирүү жүргүзүү максатында чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын ЖКнин 320-беренеси ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий