• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19дун кезектеги толкунуна даяр

COVID - 19 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/.Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы COVID-19дун кезектеги толкунуна даяр. Бул тууралуу министликтин медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова билдиргенин ведомстводон маалымдады.

Анын айтымында, оору дагы бир ирет күчөсө, биринчи кезекте Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кызыл аймак ачылат. Саламаттыкты сактоо министрлиги зарылдыгына жараша COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн башка саламаттыкты сактоо уюмдарында дагы кошумча орундарды ачууга даяр.

«Коронавирус инфекциясынын кезектеги толкуну болсо орундар жетиштүү. Дары-дармек жетет. Дарыгерлердин тажрыйбасы бар, алардын баары COVID-19ду дарылоонун клиникалык протоколу боюнча окутуудан өтүшкөн, — деген Жусупбекова элге кайрылып, адамдарды жашаган жери боюнча дарыгерлерге кайрылып, эмдөө алууга чакырды.

Ал белгилегендей, биринчи, экинчи дозаны алгандар – бустердик дозаны дагы алышы керек. Анткени башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, учурда COVID-19га негизинен эмделбегендер чалдыгып жатышат.

"Эмдөө – өзүңүздү жана жакындарыңызды COVID-19дан коргоонун эң ишенимдүү жана эң натыйжалуу жолу", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий