• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттыкты сактоо министрлиги гинекологдун ымыркайларды сатуусу тууралуу айтып берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги гинекологдун ымыркайларды сатуусу тууралуу кененирээк айтып берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине министрликтин өкүлү Елена Баялинова билдирди.

Анын маалыматына караганда, ал үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Шрипкан Мамантаев менен сүйлөшкөн. Ал аталган факт алардын ооруканасынын аймагында эмес, башка жерде катталышы мүмкүн экендигин айткан.

Анын айтымында, бул гинеколог 10 жылдан бери жеке менчик клиникада дагы иштейт. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын түзүлгөн комиссиясы иштеп, кайсы оорукананын аймагында аталган кылмыштар жасалганын такташууда”, - деди Баялинова.

“Кабар” агенттигине Ички иштер министрлигинен гинекологдордун кармалышы тууралуу фактыны тастыкташып, “Адам сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун билдиришти.

Эске салсак, буга чейин ЖМКларда 7-сентябрда Бишкекте мамлекеттик оорукананын аймагында жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу менен алектенген гинекологдор кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Ата-энелерине дарыгерлер балдарынын чарчап калышканын айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий