• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттыкты сактоо министрлиги Медакадемияга жеке клиника курууга жардам берүүгө аркет кылууда

Коом 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына жеке клиника курууга жардам берүүгө аракет кылууда.

Академиянын басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы убактарда КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги И.К.Ахунбаев атындагы КММАга тиешелүү жерди Эл аралык Ата-Түрк универститетине бергендиги тууралуу ушактар айтылып жатат.

“Ушуга байланыштуу биз министрлик бизден жерди алган жок, тескерисинче жеке клиника куруу үчүн Бишкектен бизге жер тилкесин бөлүү тууралуу маселени чечип жатканын билдиребиз”,-дейт КММАнын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов.

Пикир

Оставить комментарий