• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттыкты сактоо министрлигинин чыр чыгарган кымбат автоунаалары каякта? – министрликтин жообу

Коом 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Саламаттыкты сактоо министрлиги "Жыйынтыкка негизделген каржылоо" долбоорунун алкагында эксперттерге сатып алынган унаалар каякта экенин айтып берди.

Белгилей кетсек, министрлик 2018-жылы чыккан Toyota Rav 4 унаасын 42 миң долларга жана Toyota Land Cruiser Prado унаасын 59,2 миң долларга сатып алган. Бул жагдай коомчулуктун нааразычылыгын туудурган.

"Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында "Жыйынтыкка негизделген каржылоо" долбоорунун жетекчиси Клара Осмонбаева билдиргендей, бир унаа өкмөттүн жана президенттин иш башкармалыгынын автопаркында турат. "Унаа ал жакта, бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебинде турат", - деди ал.

Анын айтымында, экинчи унаа Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ММКФ) берилип, андан кийин ал унаа менен аз камсыз болгондуктан Талас облусуна жиберилген. Унаа дарыгерлердин - ММКФнын аймактык эксперттеринин жер-жерге чыгып, иш аткаруусу үчүн колдонулат. Себеби ал жакта үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун көбү тоолуу айылдарда жайгашкан.

Осмонбаева белгилегендей, автоунаалар 2018-жылы ноябрь айында сатып алынган. Бишкекте турган экинчи унааны эч ким айдап, пайдалана элек.

Ошондой эле маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, сатып алынган унаалардын бирин колдонгон деген маалыматты төгүндөдү.

"Мурдагы министр колдонуп жүргөн 2008-жылкы машина бар. Мен ошону колдоном", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий