• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги COVID-19га байланыштуу ишкерлер менен жолугушту

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 13-июлда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги Кыргызстандын калкын эмдөө боюнча жүргүзүп жаткан улуттук кампаниянын алкагында КРнын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп, COVID-19 менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнү талкуулашты.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, министрдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов жана Бакыт Жангазиев бир катар ири соода борборлорунун, кафе-ресторандардын жетекчилилери менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар COVID-19 менен күрөшүүдө аракеттерди бириктирүүнү колдоону, соода түйүндөрүндө жана калкты тейлөө пункттарында жумушчулар жана кардарлар үчүн коопсуз эпидемиялык шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода борборлору, ресторан тармактары жана кафе кызматкерлеринин ыктыярдуу эмдөөдөн өтүүсүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары У.Бектурганов жана Б.Жангазиев COVID-19 вирусунун жайылуусуна каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар, ошондой эле ыктыярдуу эмдөө иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу пландары менен бөлүшүштү.

Соода, кафе-ресторан түйүндөрүн, кофе ичүүчү жайларды камтыган тейлөө чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин, ошондой эле алардын конокторунун арасында COVID-19дун жугуу жана жайылуу коркунучу жогору экендигин эске алып, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү COVID-19га каршы эмдөө алуунун зарылчылыгын белгиледи.

Ага катышкан ири соода түйүндөрүнүн, ресторандардын жана кофе ичүүчү жайлардын өкүлдөрү COVID-19 вирусунун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралардын маанилүүлүгүн колдой турганын билдиришти.

"Ошондой эле алар кызматкерлердин жана коноктордун ден-соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга кызыкдар экендигин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бүгүнкү күндө эмдөө республиканын бардык аймактарын коопсуз "жашыл" зонага киргизүүгө жана кадимки коопсуз жашообузга кайтып келүүгө жардам бере турган жана COVID-19 илдетинин таралышына каршы күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу ыкмасы болуп саналарын белгилешти",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар калкты эмдөөдөн өткөрүүгө түрткү берүү маселелерин талкуулашты. Ошентип, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү министрликтин ишмердүүлүгүн колдоого жана эмдөөдөн өткөн адамдарды стимулдаштыруучу ар кандай механизмдерди иштеп чыгууга даяр экендигин билдиришти.

Эскерте кетсек, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандарды тез арада каттоодон өтүп, COVID-19га каршы вакцина алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий