• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салянованын инисинин өлүмү боюнча кылмыш ишинин бети ачылды – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.04.18. /Кабар/. Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын иниси – Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш ишинин бети ачылды. Бул тууралуу ИИМ башчысы Улан Исраилов депутат Наталья Никитенконун кылмыш иши боюнча суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы Сапар Исаков жана өкмөт мүчөлөрү “Өнүгүү – Прогресс”, “Республика – Ата Журт” жана “Ата Мекен” фракцияларынын биргелешкен кезексиз жыйынында Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчетун берип жатышат.

Исраиловдун айтуусунда, Улан Саляновдун өлүмү ачыкталды. Башында эле айтылгандай өлүмгө саясий себеп жок. Кылмыш ишинин бети ачылган.

Министр кылмышка шектүү делген эки адам кармалгандыгын жана алардын бирөөнү экстрадициялоодо Россиялык кесиптештери көмөктөшкөнүн белгиледи. Иликтөө амалдары уланууда.

Исраилов кошумчалагандай, кылмышка шектүүлөрдүн үчүнчүсү кармала элек, изделүүдө.

ИИМ мурда кабарлагандай, Улан Саляновду 2017-жылдын 6-ноябрында болжол менен саат 01:30 чамасында атып кетишкен. Маалымдалгандай, бет кап кийген бир нече адам Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы үйүнө бастырып киришкен. Милиция эки адам кармалгандыгын билдирген болчу.

Окуя болгон жерде үйдө кожоюну, жубайы жана 2000-жылы туулган баласы болгон.

Пикир

Оставить комментарий