• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салянованын инисинин өлтүрүлүшү саясий буйрутма деген билдирүүлөр – шизофрениянын жеткен чеги – ЖК депутаты

Коом 0

Бишкек, 08.11.17. /Кабар/. Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлтүрүлүшү саясий буйрутма деген билдирүүлөр – бул шизофрениянын жеткен чеги. Мындай пикири менен Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков бөлүштү.

Эскерте кетсек, “Ата Мекен” партия жана фракциясы Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлтүрүлүшү анын эжесинин ишмердигине байланыштуу саясий буйрутма экени тууралуу билдиришкен.

“Биринчиден, биз мурдагы режимде болгондой, Кыргызстанда бийлик мындай ыплас иштер менен алектенгенин эбак унутуп калганбыз, - деп билдирди Артыков. – Экинчиден, Салянованын иниси аны өлтүрүп кеткидей, саясий фигура эмес. Саляновадан эмне үчүн өч алышы мүмкүн мага түшүнүксүз. Бул саясий буйрутма экени тууралуу билдирүүлөр – шизофрениянын жеткен чеги”.

Эл өкүлү Улан Саляновдун өлүмүнө бийликтин тиешеси бар экенин четке кагат.

“Жүргүзүлүп жаткан тергөө аныктап, баа берип жана кылмышкерлерди тапсын”, -деп кошумчалады ал.

7-ноябрдан 8не караган түнү “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын иниси Улан Салянов өлтүрүлгөн. Факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий