• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салянованын соту бүгүн уланат

Укук тартиби 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. Мурдагы баш прокурор, “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соту бүгүн, 19-июнда уланат. Мындай чечим Бишкектин Ленин райондук сотунун өткөн жумадагы жыйынында кабыл алынган.

Өткөн жумада Салянованын жактоочусу сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, аны кайтаруу боюнча арызданган. Мамлекеттик айыптоочу соттон доо арызды четке кагууну суранган. Жыйынтыгында сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Ошондой эле, сот депутаттын жактоочусунун кылмыш ишин токтотуу тууралуу доо арызын четке какты.

Эскерте кетсек, Аида Саляновага карата кылмыш иши 2016-жылы 26-декабрда козголгон. Ал юстиция министри болуп турганда издөөдө жүргөн жактоочу Алексей Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узарткандыгы үчүн айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий