• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салиев көчөсүнүн бир бөлүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу коомдук унаалардын каттамы өзгөрдү

Коом 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматына ылайык, Салиев көчөсүнүн Калининден Ауэзов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн оңдоо иштерине байланыштуу айрым коомдук унаалардын каттамы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, №162 маршруттук кичи автобус эми төмөнкү көчөлөр аркылуу жүрөт: Кольбаев, Ауэзов (эки багытта тең) көчөлөрү аркылуу болуп, андан ары өзүнүн схемасы боюнча уланат.

№131, 251 маршруткалары: Калинин, Мичурин, Сельская (Ауэзов көчөсүнүн уландысы) көчөлөрү аркылуу, андан ары өз схемалары боюнча жүрөт.

№172 маршрут: Кольбаев, Калинин, Шабдан Баатыр көчөлөрү аркылуу, андан ары өз багыттары боюнча.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана коомдук унаалардын каттамынын өзгөрүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий