• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салиев: Мамлекет үчүн эң башкы байлык – эл

Коом 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. КРнын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев “Жергиликтүү жамаатардын күнүнө” карата куттуктоо жолдоду.

Куттуктоосунун тексти:

Кыргыз Республикасында расмий түрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасы 1991-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети, “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” тарыхий мыйзамды кабыл алуу менен башталган.

Бул майрамды биз жыл сайын мол түшүмдүү күз айларында жылуу сезим менен белгилейбиз, себеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6 мартындагы дагы №107 токтому менен ар жылдын октябрь айынын акыркы жекшембиси Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү жаматтарынын күнү” деп белгиленген.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан саясий, экономикалык социалдык реформалар ошону менен катар Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин Жарлыгы менен “2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы” – деп жарыялоосу жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгөөзгөчө өбөлгө болуп берүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы негизги реформалардын бири болуп калды десек жаңылышпайбыз!

Өлкөнүн ийгиликтүү социалдык экономикалык өнүгүүсү, калкка эң жакын бийликтин деңгээли болгон, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүсүз мүмкүн эмес.

Анткени жергиликтүү өз алдынча башкаруу, бул элдик башкаруунун маанилүү формасы катары элдин эркин аныктаган жана демократиялык мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнүн пайдубалдарынын бирин түзүүчү жарандык коомдун ажырагыс бөлүгү.

Анын негизги функцияларынын бири - тарыхий салттарга негизделген, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу, муниципалдык түзүмдөрдүн социалдык-экономикалык жана экологиялык маселелерин чечүүдө калктын өз алдынча аракеттенүүсүн уюштуруу болуп саналат

Азыркы учурда коомчулуктун кеңири катышуусу менен жергиликтүү иштерди башкаруунун жетишээрлик эффективтүү системасы түзүлүп, элибиздин чыгаан уул кыздарынын эмгегинин натыйжасында элдин ишенимин арттырып келүүдө.

Мамлекет үчүн эң башкы байлык – эл, ошондуктан бардык аткарылган иштер элдин кызыкчылыгына багытталып, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бүт аракеттери региондордун өнүгүүсүндөгү учурдагы проблемаларды чечүүгө жумшалышы зарыл.

Ошого байланыштуу бардык мамлекеттик органдардын, мэриялардын, айыл өкмөттөрүнүн жана жергиликтүү кеңештердин башкы милдети – жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү маселелерди чечүүдө өз укуктарын ишке ашырууга шарт түзүп берүү болуп саналат.

Урматтуу жергиликтүү жаматтардын мүчөлөрү, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, Сиздерге мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өлчөөсүз салым кошуп, элибиздин татыктуу жашоосуна шарт түзүп, сапаттуу кызмат көрсөтүп, жигердүү эмгектенип жатканыңыздарга ыраазычылык айтып, мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруу багытында жүргүзүлүп жаткан реформаларды жүзөгө ашыруу, муниципалитеттердин статусун жогорулатуу сыяктуу маселелер ар дайым мамлекеттик Агенттиктин көңүлүнүн борборунда болоорун белгилеп, Сиздерди майрамыңыздар менен кызуу куттуктап, барыңыздарга бакубат турмушту, чың ден соолукту, үй-бүлөлүк бакыт таалайды каалап, иштериңерде албан-албан ийгиликтерди, мындан ары жарата берүүңөргө тилектештигимди чын дилимден билдирем.

Урматтоо менен, КРнын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев.

Пикир

Оставить комментарий