• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салиева-Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаа шоронун челегин сүздү - видео

Коом 0


Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Салиева-Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалыктан билдиришкендей, эртең менен ал көчөлөрдүн кесилишинде жол чырагы иштебей тургандыктан жол кесилишинен өтүп бара жаткан
айдоочулар бири-бирин түшүнбөй, кагылышкан. Унаалар кагылышканда унаалардын бири жол четине кетип, жол жээгинде турган "Шоро" компаниясынын челектерин сүзгөн.

Шоро саткан сатуучу аял бир аз жаракат алган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Унаалар айып аянтчасына коюлган.

Пикир

Оставить комментарий