• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салмагы дээрлик 500 кг. Жалал-Абадда контрабандалык маргарин аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Жалал-Абадда контрабандалык маргарин аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери Х.А.Б. (башкы тамгалар өзгөртүлдү) аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда Daewoo Labo үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Текшерүү учурунда унаадан 10 кг салмактагы 49 кутуда Өзбекстанда өндүргөн “Солнечный” маргарини табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон.

Кармалган товардын жалпы салмагы 490 кг түзгөн.

Аталган факты боюнча материалдар Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий