• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салттуу музыка күнүнө карата бүгүн түз эфирде онлайн концерт өтөт

Маданият 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда 25-апрель – Салттуу музыка күнү белгиленүүдө. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Салттуу музыка күнүнө арналган концерт онлайн түрдө өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Концерт бүгүн 25-апрель күнү саат 16:00дө КТРКнын "Маданят. Тарых. Тил" каналында, "Санат" телеканалында жана Маданият министрлигинин фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Эске салсак, 2013-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 25-апрель Улуттук салттуу музыка күнү деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий