• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салттуу музыка жумалыгы бүтүндөй Кыргызстанда белгиленет

Маданият 0


Бишкек, 20.04.18. /Кабар/. Бишкекте 20-апрелден 25-апрелге чейин жыл сайын өтүүчү “Салттуу музыка жумалыгы” сынагы өтөт. Буга байланыштуу пландалган иш-чаралар тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында анын демилгечилери айтып беришти.

Бул долбоордун автору Роза Аманова Кыргызстанда Салттуу музыка күнү 2009-жылдан тартып жыл сайын 25-апрелде белгиленип келерин айтты.

“Кыргызстанда алгачкы жолу Салттуу музыка күнү 2009-жылы Маданият министрлигинин 2008-жылдагы буйругу менен белгиленген. Анда салттуу музыканын алгачкы концерти өткөн. 2013-жылдан тартып Жогорку Кеңештин токтому менен бул күн жумалык мүнөзгө ээ болуп, ошондон бери республика боюнча Салттуу музыка жумалыгынын алкагында иш-чаралар өткөрүлүп келет”, - деп билдирди Аманова.

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданият борборунун башкы директору Тургунбай Алдакуловдун айтымында, Жумалыктын алкагындагы иш-чаралар борбордо эле эмес, жалпы республика боюнча өткөрүлөт.

“Иш-чаралар айтуучулук, аспаптык жана вокалдык-аспаптык искусство багыттары боюнча үч сынактык баскыч менен өтөт. Бул үч блок боюнча биринчи угуулар бүгүн башталат”, - деп билдирди Алдакулов.

Сынактык тандоонун ар бир блогуна бир күндөн бөлүнгөн. Алар Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм чыгармачылык факультетинин Маданий борборунун базасында “Санат” телеканалынын студиясында 09:00дөн 17:00гө чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий