• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салттуу музыка жумалыгынын алкагында "Манас" театры тушоо кесүү концертин берет

Маданият 0

Бишкек, 19.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Салттуу музыка жумалыгынын алкагында Кыргыз улуттук "Манас" театры тушоо кесүү концертин берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкекте 20-25-апрелде салттуу музыка жумалыгы өтүп, анын алкагында 45тен ашык өлкөнүн илимпоздору жана салттуу музыканы алып жүрүүчүлөрдүн катышуусунда IX Эл аралык музыка жана бий конгресси болот.

Азиз Биймырза уулу 21-апрелде саат 18:00дө "Манас" театры өзүнүн тушоо кесүү концертин берерин айтат.

“Тушоо кесүү концертине даярдыгыбыз күч, режиссер, көркөм жетекчибиз бул багытта атайын өзүнүн программасын иштеп чыкты. Театр ачылып, үч багыттын айтуучулары чогулуп, “эмнени кыйратып жатасыңар” деген суроолорго жооп алып кетсеңиздер болот”, - дейт ал.

Азиз Биймырза уулу Кыргыз улуттук "Манас" театрынын тушоо кесүү концертине жалпы журтту чакырып кетти.

Пикир

Оставить комментарий