• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салттын жандануусу. Кыргызстанда байыркы рецепт менен сүмөлөк жасай башташты

Коом 0

Бишкек, 19.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстанда байыркы рецепт менен сүмөлөк чыгара башташты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Ecoland” дени сак азык дүкөнүнүн кожоюну Роман Коваленко билдирди.

Анын айтымында, өз командасы менен салтуу азыктарды жана ар түркүн өзгөчө рецепттерди издей башташкан. Ошентип жыйынтыгында сүмөлөктү жыл бою чыгарып туруу идеясы пайда болгон.

Аны жасоодогу эң башкы нерсе – бул салттуу азыкты жасоодогу бардык нормаларды эске алуу.

Сүмөлөктү даамдуу жана пайдалуу кылган башкы ингредиент – жаңгак жана өндүрүлгөн буудай.

Сүмөлөк 20-марттан тарта сатыкка чыгат, бирок саны чектелүү.

Сүмөлөк- Нооруз майрамынын (күн-түндүн теңелүүсү) алдында даярдала турган салттуу даам.

Пикир

Оставить комментарий