• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салыгы төлөнбөй алынып келинген 240,6 тонна бензин аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Салык төлөөдөн качып, 240,6 тонна бензинди газохол катары каттаган фирма аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал товар, мунайзат продукциясын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча иш-чаранын жүрүшүндө аныкталган.

"Күмөндүү мунайзат Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан мунайзат резервуарында сакталган. Товардын коштоочу документине ылайык, ал Казакстандан “К.Д.Б.” ЖЧКсынын дарегине газохол катары келип түшкөн. Ал лабораторияга жиберилип, талаптарга ылайык келген товар (АИ-92 бензини) экени аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда, “К.Д.Б.” ЖЧКсынан алып келинген товардын акциздик салыгын өндүрүп алуу иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий