• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык боюнча план июль айында 9,9 пайызга ашыгы менен аткарылды - МСК

Экономика 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2020-жылдын июль айында 6 млрд 859,1 млн сом суммасында салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Белгиленген план 109,9 %га же 616,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын түшүшү 548,9 млн сомго көбөйдү.

Ошону менен бирге, ушул жылдын 7 айында 40 млрд 452,3 млн сом салыктар жана төлөмдөр жыйналды.

Пикир

Оставить комментарий