• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык декларациясы түн ортосуна чейин кабыл алынат - МСК

Экономика 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Салык органдары салык төлөөчүлөргө ар тараптан жана толук жардам көрсөтүү максатында бүгүнкү күндөн тартып Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча өзгөчө режимге өтүштү.

Алсак, декларациялар 25-марттан тартып 31-мартка чейин дем алыш күндөрдү кошкондо, эртең менен саат 09.00дөн түн ортосуна чейин кабыл алынат.

Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелери, ошондой эле жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 1000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Ал эми декларацияны өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата айыптан тышкары, ал декларанттардын тизмелерин прокуратура органдарына өткөрүп берүү менен жарыялоо каралган.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 194 номуру аркылуу Маалымат борборунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий