• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн кечиктиргендерге дээрлик 1 млн. сом айып салынды

Экономика 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн кечиктиргендерге дээрлик 1 млн. сом айып салынды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Айдай Карагулова билдирди.

Салык кызматы билдиргендей, ушул айдын башына карата 774 салык төлөөчү декларация тапшыруунун мөөнөтүн кечиктирген. Аларга жалпы 985 миң сомдук административдик айып салынган. 568 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларацияны тапшыруу мөөнөтүн кечиктиргени аныкталган.

Белгилей кетсек, юридикалык жактар декларацияны 1-мартка, ал эми физикалык жактар 1-апрелге чейин тапшырышы керек болчу.

Пикир

Оставить комментарий