• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Салык кабарчысы» электрондук басылмасынын 2-саны чыкты

Коом 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы «Салык кабарчысы» электрондук басылмасынын 2-санын чыгарды. Булл тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бул санында МСК ишмердигине байланыштуу актуалдуу жана маанилүү маалыматтардын топтому, ведомствонун адистеринин салык салууга байланыштуу нормативдик-укуктук актыларга түшүндүрмөлөрү, салык тууралуу эң олуттуу суроолордун жооптору камтылган.

“Жаңылыктар” рубрикасында үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегиндеги ведомствонун кадрдык чечимдери, 2016-жылдын мыкты салык төлөөчүлөрү, МСК жана JICA фискалдык органдардын кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорун ишке киргизүү, МСК жана ЭККМК мыйзам бузган салык төлөөчүүлөр менен күрөшүү күч-аракеттерин бириктирүү демилгеси, МСКнын жаңы мыйзам демилгелери тууралуу айтылат.

“Салык мыйзамы” рубрикасында МСК адистеринин түшүндүрмөлөрү менен таанышууга болот.

Ошондой эле, журнал салыкчылардын жалган фирмаларды аныктоо чаралары тууралуу маалымдайт.

Салык төлөөчүлөргө жардам катары Бирдиктүү салык декларациясы, салык отчетун электрондук түрдө берүү, аны төгүү жана өткөрүү мөөнөтү, эсеп фактураларына серия жана номерлерди берүү тартиби тууралуу бир катар макалалар сунушталат.

Эскерте кетсек, “Салык кабарчысы” электрондук түрдө кварталына 1 жолу чыгат. Ошол эле учурда журналды комьютерге көчүрүп же кагазга чыгарып алып, каалаган учурда окуганга болот.

Журнал менен КР МСКнын сайтынан таанышууга болот: (http://www.sti.gov.kg/STSDocuments/VestnikN2.pdf)

Пикир

Оставить комментарий