• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Салык кодексинде кандай жаңычылдыктар бар? ЭФМдин жообу

Экономика 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев салык кодексинин жаңы редакциясындагы жаңычылдыктар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы 1-сентябрда салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору КР министрлер кабинетинин сайтына коомдук талкууга жайгаштырылган.

“КРнын салык кодексинин сунушталган редакциясы жагымдуу инвестициялык климат түзүугө, адилеттүү атаандаштыкты жаратуу үчүн жана мыйзамсыз соода-сатыкты аныктоо максатында иштелип чыккан”, - деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, жаңы редакцияда салык кодексине жылына бир жолудан көп эмес өзгөртүүнү киргизүү сунушталат.

“Салык салууда 2 негизги жолу болушу сунушталууда: биринчиси – жалпы салыктык режим жана экинчиси – бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөтүлгөн салык системасы. Жаңы редакцияда жүгүртүүсү жылына 30 миллион сомдон ашпаган субъекттер: жалпы режимде иштөөнү же бирдиктүү салык боюнча иштөөнү тандап алууга укуктуу”, - дейт ал.

Ошондой эле, жаңы кодексте бир катар оң жактар ​​каралган, мисалы, салыкты аралыктан көзөмөлдөө системасын ишке киргизүү үчүн норма түзүлгөн.

Муну менен катар негизги салыктык карызды ага айып санкцияларын, туумдарын төлөөдө салык төлөөчүгө 59%га айып сакнцияларын, туумдарын эсептеп чыгаруу каралган.

Мындан тышкары, экспорттоочулар үчүн КНСти кайтаруунун жөнөкөйлөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий