• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 7-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамда Салык кодексинин 189 (салык салынбай турган кирешелер) жана 253- беренелерине (акысыз негиздеги беримдер) өзгөртүүлөр киргизилет. Ага ылайык:

-обьектти эксплуатациялоого кабыл алуу актысына ылайык, мындай уюмдун менчик формасына карабастан, көрсөтүлгөн обьекттерди багытталышы боюнча пайдаланууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү жүзөгө ашыруучу социалдык-маданий, турак-коммуналдык-тиричилик багытындагы, жолдордун, суу менен камсыздоо жана канализация, электр тармактарынын жана эсептөө приборлорунун, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын жана газды эсептөө приборлорунун обьекттеринен адистештирилген уюм тарабынан акысыз алынган негизги каражаттардын наркы киреше салыгы салынбайт;

- турак жай обьекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды адистештирилген уюмга акысыз негизде өткөрүп берүү КНСтен бошотулган берим болуп саналат жана обьектти эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий