• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 11.08.18 /Кабар/ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүдө ККМди колдонуу жана пайдалануу тартибин иштеп бүтүрүү жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, айыл чарба кооперативдерин түзүүнү жана эсепке алууну иретке келтирүү болуп саналат.

Ошондой эле соода-логистикалык борборлорду жана машина-трактордук станциялардын өнүгүүсүн колдоо, айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн, айыл чарба өндүрүүчүлөр жана айыл чарба кооперативдери үчүн жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий