• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери пара алып жаткан учурунда кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 24-майда УКМКнын ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында пара алып жаткан учурунда Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук башкармалыгынын кызматкери О.М., кармалды.

Маалым болгондой, кармалган адам ыктыярдуу патентти кайра каттоо маселесин чечип берүү үчүн пара талап кылгандыгы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакты тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий