• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салык кызматкерлери E-Kyzmat системасынын жаңылануулары боюнча онлайн окушту

Коом 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Аймактык салык органдарынын кадр маселелери боюнча 59 кызматкери дистанттык негизде Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан иштелип чыккан “E-Kyzmat” автоматташтырылган маалыматтык системасы менен иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, онлайн окуу аудио-видео сабактардын форматында берилген жаңы ыкмаларды жана методдорду пайдалануу менен жүргүзүлдү. Дистанттык окутуу Япон эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан “МСКнын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртуу” долбоорунун негизинде өткөрүлдү.

Бул долбоордун экинчи этабын баштоо пландалууда, анда Салык кызматынын башка кызматкерлери (кенже инспектордук курамы, орто звено жана жетектөөчү курамы) пилоттук онлайн түрүндө окушмакчы.

Дистанттык окутуу методу бир катар артыкчылыктарга ээ, алардын ичинде жекече түшүндүрүү учурунда иш убактысын ала турган убакытты, финансылык, материалдык чыгымдарды үнөмдөө, кызматкерлердин ишинин сапатын жогорулатуу, маселелерди ыкчам чечүү бар.

Пикир

Оставить комментарий