• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салык кызматы 1-июлдан тарта пландык текшерүүнү баштайт

Экономика 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматы 1-июлдан тарта пландык текшерүүнү баштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин пандемиядан улам текшерүүлөргө чектөө киргизилген. Чектөөлөр 2021-жылдын 1-январынан баштап алынган. Бирок кийин 6 айга пландык текшерүүгө чектөө коюу узартылган.

“Азырынча ал чектөө дагы узартылары тууралуу маалымат жок”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий