• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Салык кызматы 1-июлдан тартып салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында бир катар долбоорлорду ишке киргизүүдө

Экономика 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында бир катар долбоорлорду ишке киргизүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, электрондук эсеп-фактуралар, май куюучу станцияларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз сыяктуу компоненттер киргизилүүдө.

КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар 1-июлдан тартып электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонууга өтүшөт. Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу үчүн www.esf.salyk.kg порталына кирип, маалыматтык системага катталууга электрондук кол тамгасы коюлган онлайн арыз берүү зарыл жана андан кийин электрондук эсеп-фактураны колдонууга болот.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн баштап автомай куюучу станциялар, анын ичинде автогаз куюучу жана газ толтуруучу компрессордук станциялар май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы менен иштей башташат. Жаңы системанын негизги өзгөчөлүгү болуп, анын ККМ-онлайн менен андан ары милдеттүү интеграцияланышы саналат, анын эсебинен төлөө фактысы жана кассалык чеги жок май куюу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылып, АМСтин май куюучу колонкасына мунайзатты берүү жөнүндө белги иштебей калат. Мунайзатты АМСке берүүдө система бул маалыматты реалдуу убакыт режиминде параллелдүү түрдө салык кызматынын серверине берүүгө мүмкүндүк берет.

2020-жылдын 1-июлунан тартып мунай жана мунайзаттарын казып алуу, өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген ишкерлер жүктөө учурунда Салык кызматынын маалыматтык системасы аркылуу технологиялык чынжырча боюнча мунайзатты жүктөө үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздей башташат. Аталган электрондук документте мунай жана мунай заттар, жөнөтүүчү, алуучу жана жүктү жеткирүүчү транспорттук каражаттар жөнүндө жана башка маалыматтар камтылат.

Аталган долбоорлор "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясынын жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында ишке киргизилүүдө. Бул долбоорлор көмүскө экономика менен күрөшүүдө маанилүү компонент болуп саналат жана салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоп, заманбап санариптик инструменттерге жетүүгө жол ачып, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам көрсөтүү менен МСКнын сервистик тейлөөсүн оптималдаштырууга багытталган.

Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан же 1240 номери аркылуу жана www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий