• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык кызматы 10 ай ичинде ишкердик субъекттер менен 1,5 миңден ашык салык келишимин түзгөн

Экономика 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери 1515 ишкердик субъект менен жалпы суммасы 551,4 млн сомго салык келишимин түзгөн. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 141 субъектке көп, - деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Алардын ичинен 990 салык контракты коомдук тамактануу чөйрөсүндө ишкердик менен алектенген субъекттер, 40 салыктык контракт - курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелер менен, 46 контракт – турак жай куруучулар менен жана 439 контракт иштин башка түрлөрү менен эмгектенген субъектилер менен түзүлгөн.

Эскерте кетсек, контракттын негизиндеги салыктар салык төлөөчүнүн өз ыктыяры менен тандап алууга укуктуу болгон атайын салык режиминин түрлөрүнүн бири болуп саналат. Контракт салык төлөөчү менен салык органынын ортосунда түзүлөт жана төмөнкү салыктардын белгиленген суммаларынын өлчөмүндө салык төлөөчүнүн макулдашылган салыктык милдеттенмесин аныктайт: пайда салыгы, салык салынуучу жеткирүүлөргө КНС, сатуудан алынуучу салык. Контракттын негизинде салыктык милдеттенмелерди аткаруу үчүн салыктык мезгил болуп бир календарлык жыл эсептелет.

Салык контрактын түзгөн чарбалык субъекттер утурлама текшерүүлөрдү кошпогондо көчмө текшерүүлөргө дуушар болушпайт.

Пикир

Оставить комментарий