• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салык кызматы: 10 айда 28 млрд сомдон ашуун суммада импортко кыйыр салыктар жыйналды

Экономика 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 10 айында 28 млрд 684,5 млн сом суммасында ЕАЭБдин алкагында импортко кыйыр салыктарды жыйнаган. Бул тууралуу ведомствонун басама сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8 млрд 611,0 млн сомго көп же өсүү ыргагы 142,9% түздү.

Анын ичинде импортко КНС 20 млрд 374,5 млн сом суммасында келип түшүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 млрд 520,5 млн сомго көп (өсүү ыргагы 147,1%). Импортко акциз 8 млрд 310,0 млн сом суммасында келип түштү, бул өткөн жылдын 10 айына салыштырмалуу 2 млрд 090,5 млн сомго көп (өсүү ыргагы 133,6%).

Мындан тышкары, ушул эле мезгилде товарларды эсепке алуу пункттарына 176 миң 852 коштомо кагаздар берилген. Анын ичинен 155 миң 887 коштомо кагаз - авто транспорт менен ташып келинген товарлар, темир жол транспорту менен ташып келинген товарлар боюнча 15 миң 885 коштомо кагаз жана 5 миң 80 коштомо кагаз - аба транспорту менен ташып келинген товарлар.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын январынан тартып Мамлекеттик салык кызматы товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү товарларды эсепке алууда "Жыйынды пост" маалыматтык системасын колдонот.

Система товарларга салык салуу жана байкоо жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуучу жол-жоболорду автоматташтыруу, ошондой эле ташып келинүүчү товарларга транспорттук, ветеринардык жана башка контролдун түрлөрүн камсыз кылуу үчүн арналган.

Пикир

Оставить комментарий