• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы 10 айда камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча планды ашыгы менен аткарды

Экономика 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Салык кызматы 2021-жылдын 10 айынын ичинде бюджетке камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсүн 31 млрд 146,3 млн сом суммасында камсыз кылды, бул белгиленген пландан 686,3 млн сомго же 102,3 пайызга көп.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, өткөн 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 4 млрд 880,6 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 118,6 пайызды түздү.

2021-жылдын октябрь айында суммасы 3 млрд 221,6 млн сомдук камсыздандыруу төгүмдөрү бюджетке түшкөн, бул болжолдуу көрсөткүчтөн 100,4 пайызды түздү же 11,6 млн сомго көп.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 429,9 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 115,4 пайызды түздү.

Салык кызматы камсыздандыруу полистерин чогултуу боюнча планды да ашыгы менен аткарды.

Алсак, 2021-жылдын январь айынан октябрь айына чейинки мезгил ичинде (болжол менен) 729,3 млн сом чогулду, аткаруу 124,2 пайызды түздү же 142,3 млн сомго көп болду.

Өткөн жылга салыштырмалуу 284,1 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 163,8 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий