• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы 10 күндө транспорт салыгын төлөбөгөн 618 унаанын ээсин аныктады

Экономика 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын салык органдары 10 күндүн ичинде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 255 рейддик иш-чара өткөрүштү.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 12 миң 696 транспорт каражаты текшерүүгө алынып, анын ичинен 618 унаанын ээси транспорт салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды.

Жыйынтыгында мыйзамда белгиленген мөөнөттө салык төлөбөгөндүгү үчүн 618 миң сом суммасында административдик айып салынып, анын 461 миң сому өндүрлдү.

Эскерте кетсек, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында административдик айып каралган.

Мындан тышкары, салык төлөмүн кечиктирген ар бир күн үчүн туум эсептелет.

Салык кызматы транспорт салыгын төлөөгө жетишпей калган унаа ээлерин туумдан качуу үчүн азыр төлөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий