• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы 11 айда 95,7 млрд сом салык чогултту

Экономика 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-ноябрь айларында КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 95 млрд 720,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, белгиленген план 104,2 %га аткарылды же 3 млрд 851,1 млн сомго ашыгы менен жыйналды.

2020-жылдын 11 айына салыштырмалуу салыктар 25,4 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинен ушул жылдын ноябрь айында 9 млрд 950,3 млн сом салык жыйналды. План 8,4 %га же 769,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 млрд сомго көп жыйналды (өсүү темпи 130,4%).

Пикир

Оставить комментарий