• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

141 аткаминер өз мүлкү тууралуу маалыматты жашырган. Иликтөө жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. 141 аткаминер өз мүлкү тууралуу маалыматты декларацияда көрсөткөн эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов кабарлады.

Анын айтуусунда, бул аткаминерлердин көбү административдик жана атайын кызматтарды ээлеп келген. Бул кызматкерлер тууралуу баардык маалымат башкы прокуратурага укуктук баа берүү максатында жөнөтүлгөн. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

“178 декларант боюнча маалымат аныкталып жатат. Эгер алар декларацияда толук маалымат бербегендиги белгилүү болсо, анда чогултулган документтер прокуратурага жиберилет”, - дейт Асылкулов.

Анын айтуусунда, декларацияларда мүлк, жер тилкелери, унаа жана банктык эсептер тууралуу дал келбестиктер бар.

“Башкы прокуратурага 141 декларант боюнча материалдар берилген. Алардын ичинен 19у мамлекеттик кызматтарды, атайын кызматтарды - 21, саясий жана муниципалдык кызматтарды - 27, жогорку кызматтарды - 65 жана башкы кызматтарды - 9 ээлейт”, - деди Асылкулов.

Пикир

Оставить комментарий